«Эмнеге орозону 30 эмес, 29 күн кармайбыз?». Муфтият түшүндүрмө берди

Автор

Орозо айы 29 күн болобу, же 30 күн болобу? Бул талаш боюнча Муфтият түшүндүрмө берди.

Түшүндүрмөдө төмөндөгүдөй айтылат:

«Жыл сайын куттуу орозо айынын аяк ченинде “орозо 30 күн гана болушу керек” деген талаш-тартыштар күчөп, ортодо элдин башын айлантат. Диний маселелерди Алладан коркуу жана жоопкерчилик менен чече турган расмий диний идаара (Муфтият) турганына карабай, ар кайсы хадистерди чампалап, өзүнчө фатва берчүлөр чыгып, мусулман коомчулугуна ар дайым түшүнбөстүк, фитна, бөлүп-жаруу жаратуудан башкага жарабайт. Биз бул макалада Рамазан айынын 29 же 30 болору боюнча хадистерди жана шарий далилдерди изилдеп, так маалымат берүүгө аракет кылабыз. “Эмне үчүн 29 күн кармайбыз, 30 күн эмес”, – деп чуу салуунун кереги жок. Рамазан айы кээде (көбүрөөк учурда) 29 күн, кээде (азыраак) 30 күн болуусу табигый көрүнүш»,-деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Судандагы кагылышуулардын курмандыктарынын саны 270 адамга жетти

Судан армиясы менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулардан 270 киши набыт болуп, 2,6 миңден ашууну жарадар болгон. Бул тууралуу Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. Анын айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери көз жумган. Медициналык мекемелердин иши кооптуу чөйрөдөн улам чектелүү болгондуктан, кызматкерлер менен […]

Сизге жагышы мүмкүн