1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү

Автор

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ-Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 миллиондон ашат.

Бул күн 25 жылдан бери элге маалымат жеткирүү жана кишининин иммундук жетишсиздик вирусун жуктурап алган адамдарды колдоо максатында белгиленип келет. Аталган оору заманбап дүйнөнүн чечүүгө эң кыйын болгон чакырыктарынын бири.

Белгилей кетсек, биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу бара-бара анын кабылдоосуна алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Түркияны Россия менен ХАМАСты колдогону үчүн коркутту

Ак сарай Түркияга Россияга жана ХАМАС кыймылына колдоо көрсөтүүнүн оор кесепеттери тууралуу эскертти. Америка президентинин администрациясы түрк компаниялары, юридикалык жактары же жеке жактары Батыштын Россияга каршы санкцияларын айланып өтүүгө аракет кылышса, өздөрү чектөөгө дуушар болушу мүмкүн деп коркуткан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн