Элүү адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат

Автор

Быйыл 50 адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасала турган бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык менен таанышуу учурунда айтты.
Министрдин айтымында, Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамда органдарды трансплатациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, донорлордун тизмеси көбөйтүлгөн.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алат. Буга байланыштуу Министрлер кабинети быйыл программалык диализден өтүп жаткан 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу үчүн бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлгөн. Министрликте ошол 50 бейтапты тандап алууга комиссия түзүлдү.
Эне-баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков борбордо мындай операция 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келерин, буга 44 операция жасалганын маалымдады.

Бөлүшүү:
Next Post

Жылуулук борборун оңдоого миңдей адис тартылды

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын кесепетин жоюу жана оңдоо үчүн 991 адис жана 23 техника иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, борбордун ичиндеги сууну сордуруу иштери аяктады. Калыбына келтирүү жумуштары уланууда. Иштеп жаткан адистердин теңине жакыны Энергетика министрлигине караштуу ишканалардын жумушчулары, дагы 400дөйү Мамлекеттик курулуштун адистери. Андан тышкары, Өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн