Шойгу: Эл аралык абал оор бойдон калууда

Автор

Эл аралык абал оор бойдон калууда жана ого бетер курчуп баратат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Астанада өткөн жыйынында билдирди.
«Геосаясий карама-каршылыктар күчөп, стратегиялык туруктуулуктун фундаменталдык негиздери бузулуп, эл аралык институттардын ролу төмөндөп баратат. Бул негизинен АКШ жана анын союздаштарынын дүйнөлүк үстөмдүктү кандай жол менен болбосун сактап калууга жана көз карандысыз өлкөлөргө диктатурасын таңуулоого умтулуусунан улам келип чыкты»,-деди ал.
Ошол эле учурда Шойгу Россия Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрүнө чабуул коюуну эч качан пландабаганын жана эч качан НАТОнун блокко кирген мамлекеттерге кол салуу боюнча геосаясий да, аскердик да кызыкчылыктар жок экенин баса белгиледи.
Ал НАТО күчтөрүнүн Россиянын чек араларына өтө жакын жылып, аскердик коопсуздукка кошумча коркунучтарды жаратып жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Армениянын лидери Азербайжанга келет

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бакуга расмий визит менен келет. Мындай маалыматты политолог Мехмет Эсеттуллазаде билдирди. Маалыматка караганда, Армения-Азербайжан менен болгон тарыхый душмандыкка чекит коюп, коңшулук жана достук алаканы чыңдоого кадам таштайт. Мунун далили катары 30 жылдан бери ээлеп отурган 4 кыштагын Азербайжанга кайрадан өткөрүп бериши, Карабактан биротоло кетиши көрсөтүлгөн. Ушул […]

Сизге жагышы мүмкүн