Элдик курултай: Июнь окуясы боюнча эненин көз жашы

Автор

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда. Анда Алайдан келген делегат Топчубаева Шайна апа Июнь окуясы боюнча көз жаштары менен суранычын айтты.
“Июнь окуясында 14 адам дайыны жок, табылбай жатат. Ушул зардап жаткан энелерге катуу көңүл бурсаңыз. Бул окуя унутулуп калбасын. Бизге окшогон энелердин ыйлашын каалабайм. Кыргызстанда тынчтык болсун. Эч ким баласынан айрылбасын. Энелер эч качан балам деп ботодой боздобосун”, -деп көз жаштары менен айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

17-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 17-декабрда Баткен, Ош облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1, Нарын […]

Сизге жагышы мүмкүн