Элдар Абакиров эне тилди үйрөтүүгө үн катты

Автор

Кыргыз-тилинде ийгиликтүү контент жараткандарга бюджеттен сыйлык берели. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров бүгүн, 22-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү “Кыргыз-тилди баарыбыз билишибиз керек. Ошон үчүн Кыргызстанбыз. Бирок, жаш жеткинчектерге кантип эне тилибизди үйрөтөбүз деген маселе турат, бул да өзүнчө чоң көйгөй. Андыктан, стимулдарды да берүү зарыл. Эгер бирөө кыргызча жакшы контент жарата алса, бул Кыргызстандан болобу же, чет жактан болобу, айырмасы жок. Ал катталуучунун 100 миң же миллион көрүүчүсү болсо, биз ага бюджеттен сыйлык берели”,- деди.
Ал кыргыз тилинин тагдыры жөнүндө маселе козгоп, аны өнүктүрүү жөнүндө бир катар сунуштарды айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды

«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаййык, козголгон кылмыш ишинин алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев тарабынан уюштурулган (Аталган фирма- Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат), өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун […]

Сизге жагышы мүмкүн