Экс-министр Базарбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор

Кудайберген Базарбаев министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти буга чейин Улан Карыпбеков жетектеп келген.

Кудайберген Базарбаев буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп иштеген. Ал 7-сентябрда кызматтан бошотулуп, ордуна мурдагы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

15-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. аймактар. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.   […]

Сизге жагышы мүмкүн