«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси абактан бошотулду

Автор

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого алмаштырылып, тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү берген.
Эске салсак, Акматов 12-октябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” беренеси менен айып тагылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы жыл алдында эмне кылбоо керек?

Жаңы жыл түнү өзгөчө сыйкырдуу учур, аны да олуттуу кабыл алуу керек. Жаңы жыл түнү эмне кылбоо керектигинин чакан тизмеси бар: Ынтымаксыз үйдө майрамдай албайсыз – ажыдаар жайлуулукту абдан жакшы көрөт, андыктан мындай шалаакылыкка ачууланып кетиши мүмкүн. Майрамды үлпүлдөгөн сулуусуз өткөрүү мүмкүн эмес. Балаты орнотууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, вазага жок […]

Сизге жагышы мүмкүн