Эки округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт

Автор

Бир мандаттуу эки округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу жана Баткен округдарынан шайланып келген Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев өткөн аптада мандаттарын тапшырган.
Жогорку Кеңешке партиянын тизмеси менен депутат болгондор мандатын тапшырса, тизмедеги кийинки адам анын ордун ээлейт, ал эми бир мандаттуу округдан келсе, кайра шайлоо дайындалат. Добуш берүү күнү азырынча белгилене элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте унааларды кыскартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бишкек шаарында жүк ташуучу, ири унааларды күндүз киргизбөөнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн,29-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Ал башка мамлекеттерден өрнөк көрсөтүп, шаар ичине кирип чыгуу үчүн атайын график түзүлүүсү керек экенин айтты. Депутаттын билдиришинче, ири унаалар кечки 9 дан эрте мененки 6га чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн