«Туризм жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Автор

Президент Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (10-январь 2024-жылы) КРнын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
“Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өркүндөтүү, туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 12-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 32 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн