Эдил Байсалов ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн

Автор

“Эдил Байсалов 90 депутатка айып койду. Ал Жогорку Кеңеш “узурпация” кылды деп жатат. Же, биз кетишибиз керек же, ал кетиши керек. Буга тез арада чара көрөлү”,- деп билдирди  депутат Дастан Жумабеков бүгүнкү жалпы жыйында . Ал эми Талант Мамытов болсо, атайын Эдил Байсалов боюнча отурум өткөрүү сунушун айтты. Төрага Нурлан Шакиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Эдил Байсалов боюнча министрлер кабинетинин чечими бар, ал маселе  кайсы бир деңгээлде чечилген”,- деп жооп берди. Мындан улам парламентте анын отставкасы тууралуу күбүр-шыбыр кептер тарады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Кыргызстан жана Германия президенттери жолугушту

Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Германия мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана […]

Сизге жагышы мүмкүн