Бишкекте Кыргызстан жана Германия президенттери жолугушту

Автор

Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Германия мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Белгилей кетсек, Германиянын президенти күн мурун Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бөлүшүү:
Next Post

"Титаниктин" режиссёру океанда жоголгондор тирүү экенине ишенбейт

“Титаниктин” режиссёру Жеймс Кэмерон Атлантика океанында дайынсыз жоголгон “Титан” түзүмүн изилдөөчүлөр куткарып аларына ишенбейт. Голливуд жылдызы менен жоголгон кемени башкарган   Пол-Анри Наржеолдун досу, Россиянын Илимдер академиясынын Океанология институтунун терең деңиздеги унаалар боюнча адис Анатолий Сагалевич маектешти. «Ал достугубузду билет жана иш бүттү деп эсептейт”,-деген орус окумуштуусу америкалык батискаф Титаниктин урандыларына […]

Сизге жагышы мүмкүн