Эдил Байсаловдун жүрүм-турумуна чара көрүлөбү?

Автор

Дүйшөмбү күнү социалдык комитеттин жыйынында “мамлекеттик жөлөк пул” боюнча маселе каралып жатса, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “бул мага тиешеси жок деп” жыйындан чыгып кеткен. Мындай маалыматты депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

“Ал мурдагы кечирим сураганын унутуп, депутаттар менен кайым айтышат жана жыйналыштарды үзгүлтүккө учуратат”,- деди. Төрага Нурлан Шакиев “министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын мындай жүрүм – туруму өтө өкүнүчтүү. Биз буга сөзсүз чара көрөбүз. Ал өткөндө акыркы жолу деп кечирим сураган. Жакында биз чечим кабыл алабыз, ар ким өзүнүн жүрүм – турумуна жооп бериши керек”,- деп айтты.

Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнкү соцкомитеттин жыйынында Эдил Байсаловдун депутаттар менен кайым айтышкан видеосу тарап, коомчулуктун кыжырын келтирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши кайра жанданды

Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бишкек шаарынын 1-май райондук соту 7-декабрь күнү ушул иш боюнча алгачкы отурумун өткөрөт. Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында УКМК ошол кездеги Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевге жана өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго кылмыш ишин козгоп, пара алышкан деп […]

Сизге жагышы мүмкүн