Кыргызстандын ИДПсы тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө

Автор

Ноябрдын аягына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү тарыхый 1 трлн сомго жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,9%га, өнөр жайда – 1,3%га өстү, ал эми айыл чарбасында өсүү темпи 2022-жылы 100,1%ды түзүп, ушул эле мезгилдин деңгээлинде сакталды.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын ноябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 триллион сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө.

2023-жылдын 16-февралында өткөн коллегияда министр Д.Амангелдиев 2023-жылга карата пландарды жарыялап, анда өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү – экономиканын 5%дан кем эмес өсүшү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 триллион сомдон жогору жеткирүү экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский: Россия “Майдан-3” өткөрүүнү пландаштырууда

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын атайын кызматтары 2023-жылдын аягына чейин Украинадагы азыркы бийликти кулатууга багытталган Майдан-3 операциясын ишке ашырууну пландап жатканын билдирди. Британиялык The Sun басылмасына курган маегинде “Ал президентти алмаштырууга багытталган. Азырынча ушундай. Бул киши өлтүрүү жөнүндө эмес болушу мүмкүн. Менин айтайын дегеним пландар өзгөрөт. Бирок алар колдо болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн