Табигый өрттүн аянты 30 миң гектарга жетти

Автор

«Семей Орманы» коругунда өрттүн аянты 30 миң гектарга чейин көбөйдү. Жума күнү эртең менен Абай районунун акимиаты өрт үч аймакта, азыр Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча алты жерде өчүрүлүп жатканын кабарлады.
«Абай районундагы өрттү өчүрүү алты участокто уланууда. Токой чарба комитетинин маалыматы боюнча, өрттүн алдын ала аянты 30 миң гектарды түзөт»,-деп билдирди ӨКМ.
Өрттү өчүрүүгө 600дөн ашык адам, Токой чарба комитетинен, жергиликтүү аткаруу органдарынан жана Коргоо министрлигинен 168 техника, 6 тик учак тартылды.

Бөлүшүү:
Next Post

“Иран-Орус-Кытай” үчилтиги АКШны бушайманга салды

Өткөн жумада Талибан бийлиги Иранга кол салып, 3 аскерин байлап кеткени дүйнөнүн көз жаздымында калды. Мындай окуя аймакты дагы бир жолу тынчсыздандырып, союздаш өлкөлөрдүн кайрадан башын бириктиргенсиди. Учурда Талибан “Өзбекстан –Тажикстан” менен чектешкен аймагында канал казуу иштерин жүргүзүп, ГЭС куруу менен кошуналардан энергетикага болгон көз карандысыздыкты камсыздайм деп туру. 2021-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн