Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 14-мартта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

 

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138- чакакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),;

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунуну 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу);

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу);

Красная Горка- Ак- Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында;

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымында;

Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу);

Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында;

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер жемиштердин кыргызча аталышын үйрөнөбүз

Эгемендик алгандан бери эне-тилибизге көңүл бурулбай келет. Ошентсе да, кыргыз тили бай тил экендиги талашсыз. Жаңы муун аны жээрип келсе да, жер-суу жана мөмө-жемиштердин кыргызча сонун аталыштары бар. Бүгүн сизге алардын айрымдарын сунуштайбыз. Үй – бүлө мүчөлөрүңүзгө үйрөтүп, өзүңүз да колдоно жүрүңүз. Петрушка-Көкжан 2. Груша –Алмурут Картошка – Жержемел Арахис […]

Сизге жагышы мүмкүн