Бишкекте ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.
Бул иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келет.
Жум Апр 19 , 2024
Түркмөнстанда аттестациялоо учурунда мамлекеттик органдардын кызматкерлерине берилген негизги суроолор президентке жана анын жакындарына тиешелүү болуп жатат. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» гезитинин кабарчылары жазды. Бул жылы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин, Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана Билим берүү министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат. Кызматкерлер өз кесибине жана иш милдеттерине байланыштуу суроолорго даярданышкан. Бирок […]