Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында кар, жаан жаайт

Автор

Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

 

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5… 10°;

Талас облусунда 1… 6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9°;

Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде-1..-3°;

Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2… 7°, күндүз 11…16°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-20, күндүз 5… 10°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6°;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз – 1…-6° суук болушу күтүлөт.

 

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

Бөлүшүү:
Next Post

 Баткен облусунда 32 мечит, 5 медресе жабылды

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу […]

Сизге жагышы мүмкүн