Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда үшүк жүрөт

Автор

Синоптиктер 3-6-май күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуу үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Бөлүшүү:
Next Post

Казино ачууга алгачкы лицензия 84 миллионго сатылды

Кыргызстанда казино иштетүү боюнча алгачкы лицензияны “Гранд Казино” ЖЧКсы 84 млн сомго сатып алды. Адилет министрлиги маалымдагандай, ал Адилет Абдыманапов аттуу жаранга катталган. Былтыр Жогорку Кеңеш оюн-зоок ишмердигин мыйзамдаштырган мыйзам долбоорун жактырып, кабыл алгандан кийин коомчулукта талаш-тартыштар жаралган эле. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн