Сапар Исаковду өткөзүп берүүсүн суранды

Автор

Белгилүү активист Нурлан Мотуев орус президенти Владимир Путинге кайрылуу жасап, Кыргызстандын экс – премьер-министри Сапар Исаковду Кыргызстанга өткөзүп берүүсүн суранды.
“Сапар Исаков Орус мамлекетинен Жогорку Нарын каскадынын курулушу үчүн 37 млн доллар алган. Анын Русгидро менен келишим түзгөнү айтылган. Бирок, ал жерге мезгил кутусун да салган эмес. Акчаны уурдап алды. Сиз келип, ал жерди көрсөңүз да болот. Ал жер бопбош турат. Уурулар каражатты уурдап кетишти. Уурдаган акчасына Сапар Исаков өзүнө Москвадан үлкөн ресторан сатып алды жана бизнесин өнүктүрүп жатат. Арийне, үстөк пайызы менен ал каражат бүгүн 49 млн доллар болду”,- деди.
Нурлан Мотуев уятсыз, коррупциялашкан орус чиновниктери аны калкалап жатышканын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазовдун маселеси БШКда каралган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы Абдурахманхаджи Муртазалиевдин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов боюнча берген арызын канааттандырган жок. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Эске салсак, 2022-жылдагы парламенттик шайлоого № 29-Свердлов округунан ат салышкан талапкерлердин ичинен Шайлообек Атазов жеңишке жетишкен. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн