Шарль Мишель: Украинага жардам берүүнү чечтик

Автор

Биз кыйын учурда Россия менен Украинанын ортосунда согуш жүрүп жатканда жолугуп жатабыз. Сиздердин аймактагы өлкөлөрдүн позициясы ар кандай экенин билем. Ар бир өлкөнүн позициясын сыйлайм”,-деди 2-июнда Чолпон-Атада Борбордук Азиянын мамлекет башчылары менен болгон экинчи жолугушууда Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель.
Анын айтымында, ар бир өлкөнүн позициясы анын Россия менен тыгыз байланышы менен түшүндүрүлөт.
«Европа Биримдигине келсек, Европа Биримдиги Экинчи Дүйнөлүк Согуш аяктагандан кийин БУУнун алкагында европалык контингенттеги улутчулдук менен күрөшүү үчүн курулган долбоор. Согуштан кийин согуштан жапа чеккен бардык мамлекеттер чогуу жашап, чогуу иштей турган жаңы долбоорду курууну чечишти. Ошондуктан ар биринин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн тааныган БУУнун күчүнө ишенебиз. Ал эми БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өлкөсүнүн күтүүсүздөн БУУнун уставын бузуу чечимине келгени бизди таң калтырат. Биз Украинага жардам берүүнү чечтик. Бул өлкөнүн гана эмес, башка өлкөлөрдүн да аймактык бүтүндүгүн колдойбуз”,-деди Еврокеңештин төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Йенс Столтенберг: НАТОнун ок-дарылары түгөндү

НАТОнун өлкөлөрү ок-дарыларынын запастарын түгөтүштү. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди. Ушуга байланыштуу НАТОнун баш катчысы блокко мүчө өлкөлөрдү НАТОго жумшаган чыгымдарын ИДПнын 2 пайызга чейин тез арада көбөйтүүгө жана коргонуу компаниялары менен көбүрөөк келишим түзүүгө чакырат. «Учурда шериктештер Украинаны колдоо үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн