Шайлоо алдындагы жардырууларда 20дан ашуун адам көз жумду

Автор

Пакистандын Белужистан аймагында Улуттук ассамблеяга (парламенттин төмөнкү палатасы) жалпы шайлоонун алдында эки жардыруу болду. Окуяда 22 адам өлүп, ондогон адамдар жарадар болгон.
Биринчи жардыруу Кветтадан 50 чакырым жана афган чек арасынан 100 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Пишина шаарында көз карандысыз талапкер Асфанд Хан Какардын кеңсесинде болгон. Жардыруудан 14 адам каза болуп, 25 киши жарадар болгон. Экинчи жардыруу сегиз адамдын өмүрүн алды.
Улуттук ассамблеяны шайлоо алдындагы акыркы жумада Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында бир нече окуялар болду. Антсе да Белужистан бийликтери добуш берүү пландаштырылгандай өтөт деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн полду тез-тез жууп туруу керек? Себептери

Полду дайыма сүртүп туруу үйдө тазалыкты сактоого жана гигиеналык шарттарды түзүүгө жардам берет. Бул жерде полду тез-тез жууп туруу сунуш кылынган кээ бир себептер: 1. Булганууну жок кылуу: Көптөгөн микроорганизмдер, чаңдар, бактериялар жана башка булгоочу заттар көбүнчө полдо жылып турушат. Үзгүлтүксүз тазалоо аларды тазалоого жана бөлмөдө тазалыкты сактоого жардам берет. […]

Сизге жагышы мүмкүн