Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүн колдоду

Автор

Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүн колдоого макул болду. Бул тууралуу НАТОнун саммити өтүп жаткан Вильнюс шаарында  НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Столтенбегдин айтымында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколду мүмкүн болушунча тезирээк парламентке жөнөтүүгө макул болду.

Бир жыл бою Анкара Швециянын НАТОго кирүүсүнө бөгөт койгон. Ал эми дүйшөмбү күнү Эрдоган Брюссел Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетпесе бул маселени козгобой тургандыгын  айткан.

Жо Байден түрк президенти Тайип Эрдогандын Швециянын НАТОго кабыл алынышына коюлган ветосун алып салууга макулдугун кубаттайт, деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө. Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Твиттерде бул кабарды “Вильнюстан жакшы кабар” деп комментарий берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков чын дүйнө салды

Рустенбеков Жаныш Султанкуловичтин 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.   Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.   1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-ж. баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.   1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, […]

Сизге жагышы мүмкүн