Шайлообек Атазов өзү жөнүндө айтылган ушактарга жооп берди

Автор

Шайлообек Атазов жалган маалымат тараткандарды жүзү каралар деп атап, айрым саясатчыларга да жооп кайтарды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Атазов Башкы прокурор Курманкул Зулушевди издөөдө жүргөн Раимбек Матраимовдун досу экенин айтып, “убагында Раимбек Исмаиловичке уча тартып эле жүргөн. 3 жылдан бери эмне иш аткарды? Парламентке келип, отчет бериши керек эле. Бирок, ал пресс – жыйын өткөрүп коюу менен гана чектелет”,- деди.
Төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, “сиз келгенден бери 13-депутат кетип жатабыз. Парламентти, депутаттарды салып бербей коргобойсузбу? Казино мыйзамын колдоп добуш бердим эле. Ошого өкүнөм, чакыртып алам”,- деди.
Президент менен УКМК төрагасына кайрылып, “мени кабыл алсаңыз бүгүн жаныңызда кимдер жүргөнүн айтып берем”,-деди.
Ал башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, “сиз отставкага кетиңиз, Матраимов менен мамилеңиз бар”,- деп айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов Казино мыйзамын колдогону үчүн кыргыз элинен кечирим сурады

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, өзүнө катуу каралоолор жүрүп жаткандыгын айтты. Мындан тышкары Казино мыйзамын колдогону үчүн кыргыз элинен кечирим сурады Атазов “мен Орозодо кечирим сурайм. Өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым «эй бала, казинону колдобо» дегенине карабай, мамлекеттин экономикасы, президенттин саясаты деп колдогом. Кыргыз элим […]

Сизге жагышы мүмкүн