Шайлообек Атазов спорт тармагынын көйгөйлөрүн тизмектеп берди

Автор

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын бүгүнкү, 16-июнунда жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга дайыма келбей койгонугун белгилеп, кыргыз спортчулардын тамак-ашына каралган каражат 2009-жылдан бери жогорулатылбай келе жаткандыгын сынга алды.

Эл өкүлү “спортчулардын бир күндүк тамагына каралган 83 сом ашказан алдоого эле жетпесе, азыркы инфиляциянын тушунда карын кампайбайт. Казакстанда бир күнгө спортчунун тамак-ашына 900 сомго жетерлик колдоо көрсөтүлөт, – деп мисал келтирди.

Мындан тышкары машыктыруучулардын даярдалышы, спорт медицинасы жана жаштар саясатына тиешелүү маселелерди кабаргасынан койду.

Бөлүшүү:
Next Post

Таш бетиндеги тамчылар...

Марат Токоевдин “Жашоо сүртүмдөрү” китеби таш бетиндеги тамчылардай мыкты жазылган. Акын жашоо сүртүмдөрүн эмнегедир асмандан, айдан алып анан бирде жамгыр, бирде карга айланып, буркан-шаркан түшүп баратып, ит досу менен баарлашат. Ушунун баарын шыбырап айтат. Үнсүз эле үймөктөй ойду үч сөзгө батырат. Ал эми үч канаттуу, үч саптарында үкүнүн көзү, камыштын […]

Сизге жагышы мүмкүн