Шайлообек Атазов: “Матраимов менен кимдин байланышы бар экенин кенен айтып берем”

Автор

Жогорку Кеңештин мандатынан кол жууду делген Шайлообек Атазов журналист Гулкайыр Мамасалиевага маек берип, соттордун адилетсиздигин, профсоюздагы коррупцияны жана кээ бир чиновниктердин өзүнө карата кутумун айтып берген. “Ооба. Бул саясий долбоор. Бул мафиянын планы. Акыркы жылдары Баш прокурор, Министрлер кабинетинин орун басарларын катуу сындагам”,- деген депутат.
Ал эми журналист Раимбек Матраимов менен болгон мамилесин сураганда, “Матраимов менен ким байланышы бар экенин эртең кенен токтолуп айтып берейин”,- деп, сүйлөшүүгө чекит койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Саат алкагы өзгөргөн күнү 803 ымыркай төрөлдү

Казакстанда Саат алкагы өзгөргөн 29-февралда саат түнкү он экиге карата 803 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Алардын ичинен экөө эгиз, 392 эркек жана 411 кыз болгон. 1-мартта Казакстан бирдиктүү UTC+5 убакыт алкагына өттү. Буга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында UTC+6 болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн