Бүгүн унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Автор

Бүгүн, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүү, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу аталган унаа жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 м аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Песков: Өзөктүк согуш акыркы, коштошуу чарасы

Өзөктүк согуш акыркы, коштошуу чарасы, ал тууралуу бардык талкуулар жоопкерчиликсиз экенин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. «Өзөктүк согуш — бул акыркы чара, коштошуу чарасы, ошондуктан азыр Батышта жана Европанын борборлорунда, Кошмо Штаттарда көп болуп жаткан өзөктүк согуш жөнүндөгү бардык кептер өтө жоопкерчиликсиздик»,-деп белгиледи ал. Песков ошондой эле дүйнөдө […]

Сизге жагышы мүмкүн