Шайлообек Атазов Кемпир-Абад боюнча камалгандардын маселесин көтөрдү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кемпир-Абад боюнча камалгандардын маселесин көтөрүп, башкы прокурорду парламенттин жалпы жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралдагы жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү “Көрүп жатасыздар, Кемпир-Абад боюнча камалгандарды сотто нукуп, укугун тебелеп жатышат. Сотту ачык өткөрүп, аягына чыгарыш керек “,- деди. Бирок, төрага учурда тергөө жүрүп жатканын, иш сотко өткөнүн, эгер чакырсак, тергөөгө тоскоол болуп калышы мүмкүн экендигин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Европага жумушка баруучулар виза ала албай жатышат

“Улуу Британиядагы талаа жумуштары үчүн 7 саатта 26 миң адам кайрылган. Бул негизи жакшы. Адамдар иштеп, жашоо шартын оңдоп, үй алып, жакшы жашоого умтулуп жатышат”,- деди депутат Дастан Бекешев бүгүнкү жалпы жыйында. Ошол эле кезде виза алуу боюнча көйгөйлөр жаралып жатканын айтты. “Польшада биздин элчилик да, консулдук кызматы да, жок […]

Сизге жагышы мүмкүн