Мартта дүйнөнү кандай коркунучтар күтөт?

Автор

14-15-16-март күндөрүндө өтө этият болууну дүйнөлүк илимпоздор жана астрологдор эскертишүүдө. Түркиянын аалымы Ахмед Махмуд Үнлү “мен диний китептерге жана олуялардын айткан, дегенине маани берем. Андыктан, 14-марттан 15-мартка караган түнү  коркунучтуу нерселер болушу мүмкүн, Кудай сактасын”, – деди.  Ал эми астрологдор 14-15-16-мартта жылдыздар бири – бирине өтө жакын келишээрин айтышып, бул окуя дүйнөдөгү айрым аймактарда сел каптоого же, 7.8 баллга чейин жер титирөөгө себеп болоорун билдиришти. “Аталган даталарда ар кандай табият кырсыгы, керек болсо, адамдардын өз ара мамилесинде деле тынчсызданууну жаратышы мүмкүн”, – дешет илимпоздор. Кээ бир футурологдор болсо, 15-апрелде Орусия Украинага кайрадан катуу кол салышы мүмкүн экендигин божомолдошкон. Ар бир өлкөнүн сырткы саясатында да, өзгөрүүлөр орун алаары айтылганы менен диний чөйрөнүн өкүлдөрү мындай окуяларда дата берүүнүн жаңылыштыгына токтолушууда.

Бөлүшүү:
Next Post

"Оскар" сыйлыгы ээлерине тапшырылды

Россиялык саясатчы Алексей Навальныйга кол салуу планы тууралуу тасма “Эң мыкты даректүү тасма” номинациясында “Оскар” сыйлыгын алды. Лос-Анжелес шаарында 95-Оскар сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө. Эң мыкты даректүү тасма болуп Дэниел Роэрдин “Навальный” тасмасы табылды. Анда саясатчыны ууландыруу жолу менен өмүрүнө кол салуудан кийин аман калганы, андан соң түрмөдө отурганы тууралуу […]

Сизге жагышы мүмкүн