ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши козголду

Автор

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ЖЭБдин кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 2024-жылдын 2-февралында болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жабдуусунда жарылуу болгон.
Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген.
Ошону менен бирге, Бишкек шаарындагы турак-жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

Аталган окуя боюнча террордук акт жана диверсия белгилери аныкталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж – 2024: Олимпиаданын ачылышына көрүүчүлөрдүн саны кыскарды

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин Олимпиаданын ачылыш аземине 300 миңдей киши келе аларын, бул баштагыдан эки эсе аз экенин билдирди. Париж Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи биринчи жолу майрамдык салтанат стадиондун ичинде гана эмес, анын сыртында да өткөрүлөт. Спортчулар Франциянын борбору аркылуу Сена дарыясын бойлой кайыктар менен дээрлик 6 километрге […]

Сизге жагышы мүмкүн