Шаардык мэриянын эки кызматкерине кылмыш иши козголду

Автор

2021-2022-жылдарга байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын мыйзамсыз түрдө айлык акыларын көтөрүп алган фактысын Бишкек шаардык прокуратурасы аныктаган. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматта казына 781 млн 397 миң сомго зыянга учураган.

Аталган жылдар аралыгында ай сайын кошумча төлөм акы берилип турган. Прокуратуранын билдириши боюнча мэриянын жетекчилиги, шаардык кеңеш жана финансы башкармалыгы мыйзамсыз чечим чыгарышкан. Прокуратура муну орой мыйзам бузуу деп эсептейт.

Жыйынтыгында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган эки кызматкерге кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 14-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 47 тыйындан  болсо, сатуу  88 сом 32 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн