Митингди чектөө мөөнөтү 3 айга узарды

Автор

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө тууралуу арызын канааттандырган чечим чыгарды.

Райондук администрациянын 28-сентябрдагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-октябрдан 31-декабрга чейин бир катар жерлерде тыюу салынары айтылган. Ал жерлер – Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан тартып аянтка чейинки тилкеси, Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы И.Панфилов паркы, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Т.Турсунбаева бакчасы, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлер боюнча да тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар М.Горький атындагы бакчага чогулса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы жарыяланды

Саламаттык сактоо министрлиги “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү “Айымдардын ден соолугу!” бир айлыгын жарыялады. Ведомстводон билдиришкендей, аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат, демек, аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке адамдын бакубатчылыгына гана эмес, бүткүл коомдун чыңдалуусуна жана жакшыруусуна […]

Сизге жагышы мүмкүн