Чүйдө куралдуу террорист жок кылынды

Автор

Чүй облусунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрү тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн.

«ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Тамыр жайган чынар жыгалган жок

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоонун негизги критерийин талапкерлердин диний ишенимдери түздү. Шайлоочулардын көпчүлүгү “намаз окуйт” же, “намаз окубайт” деген талкуунун тегерегинде добуш беришкендерине күбө болдук. Оппозициянын лидери Кемал Кылычтар уулу президент болсо, кыз келиндердин жоолугун чечтирип, дин эркиндигине чектөө коёт, күрт жикчилдери менен кызматташат деген айың кептерди таратышты. Бирок, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн