Бийик тоолуу ашуулардагы абал айтылды

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы бийик тоолуу ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:30да алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат:

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел жана Төө-Ашууда жол ачык, каттам бар.

Белгилей кетсек, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.

Мындан улам Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Убактылуу элдешүү: Хамас менен Израил канча туткундарды бошотот?

Бүгүн, 24-ноябрда түштө Хамас Газа тилкесинде кармалып турган 13 аялды жана баланы бошотот, Израил анын ордуна 39 туткунду, анын ичинде 18 жашка чейинки аялдар менен өспүрүмдөрдү бошотот. Хамас израилдик барымтадагыларды бошоткондо туткундар Батыш жээктеги шаарларына жеткирилет. Израил өкмөтү алардын үй-бүлөлөрүнө жана бошотулбай турган барымтадагылардын үй-бүлөлөрүнө кабарланганын билдирди. Белгилүү болгондой, Хамас […]

Сизге жагышы мүмкүн