Депутат укук коргоо органдарын милдеттерин аткарууга чакырды

Автор

Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратура органдарынын ишин сындап, Жогорку Кеңештин чыгарган токтомдорун тиешелүү укук коргоо органдарынын аткаруусун талап кылды.

“Учурда бир жыл болду ачылган кылмыш иштери ачыкка чыкпай белгисиз себептер менен жабылып жатат. Ал эми башкы прокуратура профсоюз федерациясынын 44 млн сом мамлекетке келтирилген зыянды эсеп палатасы таап чыкканына карабастан февраль айынан бери прокуратурада жаап – жашырып олтурушат”, – деп билдирди.

Бизге берген маегинде, өлкөнүн кылмыш изилдөө жагы аксап, коррупционерлерлер өзүн билип, өтүгүн төргө илип жүргөнүн айрыкча, чет-элден келген инвесторлорду айрымдары кордоп жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

11 миңдей адамдын өмүрүн алган селге сегиз аткаминер айыпталды

Ливиянын башкы прокурору дүйшөмбү күнү Дерна шаарын суу астында калтырып, миңдеген адамдардын өмүрүн алган эки дамбанын кыйрашын иликтеп жаткан сегиз аткаминерди камоого буйрук берди. Прокурорлор ошондой эле Суу чарба жана дамба башкармалыгынын кызматкерлерин тергөө аяктаганга чейин камакта калууну буйруду. Алар шалаакылык жана кырсыкка алып келген каталар үчүн айыпталууда. Ливиядагы дамбалар […]

Сизге жагышы мүмкүн