Чукул билдирүү! Бишкекте катуу шамал болот

Автор

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ төмөндөгү эрежелерге көңүл бурууну эскертет:

 

– катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

 

– унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

 

– электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

 

– көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

 

– үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

 

“Кырсык болгон учурда “112” бирдиктүү номерине байланышыңыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

27-октябрда күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;   Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, […]

Сизге жагышы мүмкүн