Чет элдиктерге жасалма диплом бергендер кармалды

Автор

ЖАМУнун  медицина факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети ачылды.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жараны Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн, Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Айда суунун зор запасы табылды

Кытайдын Илимдер академиясынын окумуштуулары 2020-жылдын аягында Кытайдын Чанье-5 космостук кемеси Жерге алып келген Айдын топурагынын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Айдын топурагындагы суу майда айнек топтор түрүндө экени айтылды. Айдын бетиндеги бул суу болжол менен 300 миллиард тоннаны түзүшү мүмкүн. Айдын кыртышынын үлгүлөрүн изилдөөлөр бир нече жылдан бери жүргүзүлүп жатат. Илимпоздор […]

Сизге жагышы мүмкүн