Нооруз – 2023: Көк бөрү оюнунун төртүнчү күнү жыйынтыкталды

Автор

Бишкек шаарындагы Аккула ат майданында “Нооруз – 2023” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин төртүнчү күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн талаасында жогорку, экинчи лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.

 

Төртүнчү күндүн жыйынтыгы:

 

“Өзгөн” жана “Жети аке” 3:2;

 

“Намыс” жана “Ачы” 7:0;

 

“Алтын Альянс” жана “Ак-Шумкар” 4:0;

 

“Сары-Өзөн” жана “Ардагерлер” 4:1 (40 жаш);

 

“Ийгилик ” жана “Саякбай-Ата” 11:4 ;

 

“Бакай-Ата Дөөлөт” жана “Улар” 2:1.

 

Бүгүн, 17-марттагы оюндардын тизмеси:

 

Саат 10:00 “Кетмен-төбө” жана “Ак-Суу”;

 

Саат 11:00 “Талас шаары”жана “Кара-Балта”;

 

Саат 12:00 “Ынтымак” жана “Мурас”;

 

Саат 13:30 “Сокулук” жана “Көк-Жал”;

 

Саат 14:30 “Жети-аке” жана “Жаштык”;

 

Саат 15:30 “Намыс” жана “Ысык-Ата”.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФАнын 4 миллиарддан ашык  доллары бар

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино уюмдун каржылык резерви төрт миллиард доллардан ашык экенин билдирди. “Мен келгенде ФИФАнын резерви бир миллиард доллар болчу. Азыр ал дээрлик 4 миллиард доллардан ашты. Бул биз футболду өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат жумшай алабыз дегенди билдирет”, – деп билдиргендигин ТАСС агентиги жазды. Эске салсак, […]

Сизге жагышы мүмкүн