Футболчуга чагылган тийип каза болду

Автор

Бразилияда өткөн футбол боюнча ышкыбоздор арасындагы аймактык кубок трагедия менен аяктады. Бир оюнчу чагылган тийип каза болсо, дагы алты оюнчу катуу күйүк алды.
Бразилиянын Санто-Антонио-да-Платина шаарынын стадионунда жергиликтүү аймактык ышкыбоздор турниринин оюну өттү. Беттеш нөшөрлөп жааган жамгыр жана күн күркүрөө менен коштолуп, бирок спортчулар талаадан чыккан жок.
Натыйжада чагылгандын бири 21 жаштагы футболчу Кайо Энрике де Лима Гонкалвештин жанындагы спорт аянтчасына түшүп, ал ошол жерден каза болгон.
Сокку катуу болгондуктан, маркумдун жанындагы дагы алты оюнчу токко урунуп, күйүк алышкан. Алардын баары ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын бири оор абалда дарыгерлердин көзөмөлүндө шаардык ооруканада жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XV Евразиялык олимпиададан олжолуу кайтышты

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XV Евразиялык олимпиададан олжолуу кайтышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрында Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Анда Кыргызстандын окуучуларынан турган бир команда – алтын, эки команда – күмүш, үч команда коло медалга ээ болду. Бишкек шаарындагы “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучулары Эмил […]

Сизге жагышы мүмкүн