Айпери Медет кызы Азиянын 2 жолку чемпиону болду

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы (76 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде алтын утуп, Азиянын эки жолку чемпиону болду.
Ал 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди.
Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык Юаньюань Хуанг менен күч сынашып, аны 10:7 эсебинде жеңди.
Бул жеңиши менен Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду. Буга чейин ал Азия биринчилигинде бир ирет алтын, үч жолу күмүш байге уткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран Израилге дрондор менен сокку урду

Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду. Кол салуунун башталышын Израилдин коргоо армиясынын башчысы Даниэль Хагари жыйында ырастады. Чет элдик ЖМКлар муну дүйнөлүк аскердик тарыхтагы согуштук дрондордун эң массалык чабуулу экендигин жазышууда. Израил армиясынын маалыматы боюнча, Иран түнү 400дөн ашуун учкучсуз учактарды жөнөткөн. Израилдин Премьер-министри Биньямин Нетаньяху шашылыш […]

Сизге жагышы мүмкүн