Көк-бөрү Астанада өтчү бешинчи Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди

Автор

Көк бөрү бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди. Бул тууралуу КР Көк-бөрү федерациясынан билдиришти.
Маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилгендиги айтылды.
Эске сала кетсек, буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес. Оюндар көргөзмө сынактардын тизмесине киргизилген.
Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт

Бөлүшүү:
Next Post

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачылат

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин ачылышы кутүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан менен Монголиянын парламенттеринин төрагаларынын Улан-Батордогу жолугушуусунда белгилүү болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгарууну жана кыргыз эпосунун баатырынын эстелигин орнотууну сунуштады. Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатар демилге карала турганын белгиледи. Ошону менен бирге […]

Сизге жагышы мүмкүн