Фукусима-1ден суу чыгаруунун биринчи этабын аяктады

Автор

Япониянын “Фукусима-1” атомдук электр станциясынын оператору океанга суу агызуунун алгачкы этабы аяктаганын жарыялап,  станциядан 7,8 миң тонна суу чыгарылганын кабарлады.

Адистер жабдууларды текшерип, экинчи этабын чыгарууга даярдык көрүүнү баштаганы жатышат. Буга үч жумадай убакыт кетиши мүмкүн.

24-августта Япония өзөктүк отун эрип кеткен Фукусима-1 атомдук электр станциясынын авариялык реакторлорун муздатуудан улам чогулган сууну океанга төгө баштады. Суу алдын ала тазалоодон өтөт. Анын натыйжасында радионуклиддердин 60тан ашык түрлөрүнүн радиоактивдүүлүгү нормадан  төмөндөйт. Бул сууну океанга чыгаруу үчүн 30 жыл керектелет. МАГАТЭ бул пландар эл аралык стандарттарга толук жооп берет деп билдирди. Бирок Японияда  айыл чарба жана балык чарба продукциясынын беделине доо кетириши мүмкүн деген катуу кооптонуулар бар.

Япон бийлигинин чечимине Россия менен Кытай да тынчсыздануусун билдирди. Кытай ал жактын деңиз азыктарын алууга толук тыюу салды.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуу китептерин басып чыгарууга 324 млн сом жумшалат

“Учкун” басмаканасы 136 миң 320 окуу китептерин басып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-класстар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Учурда окуу китептерин мектептерге жеткирүү иштери жүрүүдө.   Белгилеп кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого […]

Сизге жагышы мүмкүн