Кыргызстандык дзюдочулдар эл аралык мелдеште үч медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Кувейт өлкөсүндө өткөн “Asian Open” эл аралык мелдешинде үч медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 90 кг салмак категориясында Анарбек Ишенбаев алтын медалга, 66 кг салмакта Эрбол Абасбеков күмүш медалга жана 100 кг жогорку салмактагылар арасында Сыймык Жапаров коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 12 спортчу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

"Сулайман-Тоо" музей комплексинин жаңы директору дайындалды

Гулбара Абдыкалыкова “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Абдыкалыкованы башкы директорлук кызматка маданият министри Алтынбек Максутов сунуштап, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аны жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу […]

Сизге жагышы мүмкүн