Уюшкан кылмыштуу топтордон алынган объекттер аукциондо сатылат

Автор

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги уюшкан кылмыштуу топтордон алынган объекттерди аукциондо сатат. Анын ичинде бир нече имараттар бар.
Сатыкка төмөндөгү обьектилер коюлган:

1. Эгиз имараттардагы кеңселер. Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү (87/2) эгиз имараттарында 14-кабатта жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метр болгон кеңсе бөлмөлөрү, эмеректери менен

2. “Кристалл Таш-Көмүр” ААКсы. Таш-Көмүр шаарындагы Кристалл заводунун мүлк комплекси, жердин жалпы аянты 525,3 га

3. “Ак-Марал”. Чолпон-Атадагы “Ак-Марал” эс алуу борборунун акциялары

4. “Ай-Пери” бизнес борбору. Бишкектин Чүй көчөсүндө (158) жайгашкан жалпы аянты 5878,3 чарчы метр болгон имарат

5. “Зодиак” эс алуу борбору. Чолпон-Атадагы жалпы аянты 3068 чарчы метрге жеткен имарат

6. Баткен базары. “Бишкек жүк унаа ишканасы” ЖАКсынын акциялары 2,9 га жери менен. Ал жерде«Баткен комфорт» соода-базар комплекси жайгашкан

7. Кыргыз каганат, Ош шаары. “Ихлас” курулуш компаниясы. Жалпы аянты 5085 чарчы метрге жеткен турак жай эмес бөлмөлөр. Баштапкы баасы 682 млн 550 миң сом. Дареги: Төлөйкөн кичи району

8. «Империал», Ош шаары. “Имарат стиль” компаниясы. Салынып жаткан 14 кабаттуу үйдөгү жалпы аянты 1400 чарчы метр болгон турак жай эмес бөлмөлөр. Баштапкы баасы 149 млн 825 миң сом. Дареги: Абсамат Масалиев 98

9. AmanatResidence, Ош шаары. “Аманат Сити” компаниясы. Курулуп жаткан көп кабат үйдөгү жалпы аянты 2300,71 чарчы метрге жеткен турак жай эмес бөлмөлөр. Баштапкы баасы 251 млн 433 миң 92 сом. Дареги: Султан Ибраимов 11-1.

Кененирээк маалыматты 0557 337 723 номери аркылуу же www.auctionetp.gov.kg сайтынан алууга болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурланбек Шакиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Азыркы тапта жабыр тарткан 10 бала Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда. “Келечек ээлеринин саламаттыгы баарынан кымбат. Андыктан, балдардын катышуусундагы иш чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугуна […]

Сизге жагышы мүмкүн