Нурланбек Шакиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды

Автор

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы тапта жабыр тарткан 10 бала Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда.
“Келечек ээлеринин саламаттыгы баарынан кымбат. Андыктан, балдардын катышуусундагы иш чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Көңүл кош жасалган мамиленин кесепети оор болорун Сузактагы окуя анык көрсөттү”, – деген Шакиев.
Андан тышкары, жабыркаган ар бир бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, бардык тиешелүү медициналык жардамдар берилиши керектигин айткан Нурланбек Шакиев жасалып жаткан иштер боюнча оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдон маалымат алды.
Ошондой эле балдардын тез арада сакайып кетишин тилеген Нурланбек Шакиев төраганын резервдик фондунан да каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Улгайган ата-энесин багуудан баш тарткандар айып пул төлөйт

Улгайган ата-энесин багуудан жана балдарына алимент төлөөдөн качкандар үчүн мамлекет чара көрүүнү пландоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде биринчи окууда жактырылды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, социалдык мекемелердеги улгайган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө. Ошондуктан “КРнын […]

Сизге жагышы мүмкүн