Учак конуу тилкесинде тоңду

Автор

Германиянын түштүгүндө жааган калың кар жол кыймылын башаламан кылды.  800гө жакын каттамдардын токтоп,  кээ бир учактар ​​конуу тилкесинде тоңуп калган.
Калың жааган кардан улам ишемби күнү Мюнхен аэропортунда 760ка жакын каттам токтотулган.  Автобустар, трамвайлар жана айрым поезддер жүргүнчүлөр үчүн жабылып, шаар аралык поезддердин каттамдары дүйшөмбүгө чейин толугу менен токтотулду. Тургундарга өтө зарылчылык болбосо, унааларды колдонбоону суранып,  айрым райондордун тургундарына үйлөрүнөн такыр чыкпоо сунушталды.
Мюнхенде 44 см кар жааганын, бул 1933-жылдан бери декабрь айында катталган эң жогорку жаан-чачын экени билдирилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик катчы тууну өзгөртүү тууралуу үн катты

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу үн катты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. «Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк, насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алпарууда.Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи. Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип […]

Сизге жагышы мүмкүн