Зеленскийдин ордуна келе тургандардын тизмеси түзүлдү

Автор

Украинада Владимир Зеленскийдин Украинанын президенти катары жаңы мөөнөтү жана анын ордуна келе тургандар тууралуу талкуулар башталды.  Бир күн мурда ал өзү талапкерлигин коюуну кааларын билдирип, батыш өлкөлөрүнөн 5 миллиард доллар талап кылганын РИА Новости кабарлаган.
Зеленскийдин ордуна талапкерлер активдешкенин  NEWS.ru басылмасы жазды.   Алардын арасында Киевдин мэри Виталий Кличко, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный,  мурдагы президент Петро Порошенко жана экс-премьер-министр Юлия Тимошенко бар.
Басылма Голландиянын Евразия изилдөөлөр борборунун директору, саясат таануучу Владимир Корниловго шилтеме берип, Батыш Украинанын президентин жазында кайра шайлоону көздөп жатканын, бирок миллиондогон украиндер өлкөдөн тышкары жүргөн жана согуш жүрүп жаткан аймакта добуш берүү маселеси чыгарын жазды.
Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

20-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 20-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,   Нарын облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн