Улуттук китепканада эмне болууда?

Автор

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз түштүбү? “Sayasat.kg” маалымат булагы китепкананын эмгек жамааты маданият жана маалымат министрлигине аны кызматтан кетирүү боюнча кайрылуу жолдошконун билдирген. Анда Нуржан Иманкулованын интрига менен алектенип, эмгек жамаатты бөлүп-жарганы, ишке саат 11:00дө келип, кайра 14:00-15:00те кетээри, улгайган кызматкерлерди жээрип, кагып-силккени айтылат. Ошондой эле коррупциялык иштерине байланыштуу китепкананын дыккат иликтенишин талап кылышканы белгиленген. Аталган айым мурдагы депутат Самат Ибраевдин жубайы.

Бөлүшүү:
Next Post

Бажы кызматы апрель айында планды ашыгы менен аткарып, 8,8 млрд сом чогултту

2023-жылдын апрель айында Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыра аткарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, апрель айында иш жүзүндө республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 8,8 млрд сом түшкөн.   Ошентип, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүч 100,5% аткарылды, же 46,8 млн сомго көп […]

Сизге жагышы мүмкүн