Тарыхый инсандардын юбилейлик иш – чаралары белгиленбейт

Автор

Эми тарыхый инсандардын юбилейлик иш – чаралары белгиленбейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында билдирди.
Жапаровдун айтымында, 100, 150 жана 200 жылдык юбилейлерди туулган аймагында өткөрүү каралып жатат. Ал эми 80, 90 жылдык иш – чараларга өкмөт каражат бөлүп, кол кабыш кылбайт.
Ал эми Маданият жана маалымат министри 2024-жылга карата өлкөбүздүн түптөлүшүнө эмгеги сиңген инсандардын юбилейлик даталарын караштырып жатканын, анын ичинде Алайдан чыккан Алымбек Датканын 225 жылдыгын өткөрүү маселеси каралып жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Президентке импичмент жарыялоо боюнча иликтөөгө уруксат берилди

Республикачылардын атынан АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасы азыркы президент Байденге импичмент жарыялоону иликтөөгө уруксат берген резолюцияга добуш берди. Жыйынтыгында Байденге импичментти иликтөөгө уруксат берген резолюцияга 221 макул, 212 каршы добуш берилди. Өкүлдөр палатасында Американын президенти Жо Байденге каршы тергөө мурдагы спикер Кевин Маккартинин чечими менен башталып, кийинчерээк ал кызматынан четтетилген. Тергөө […]

Сизге жагышы мүмкүн