Улуттук банк 24,5 млн доллар сатып алды

Автор

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-апрелде валюта рыногунан 24,5 млн доллар сатып алды. Ошентип бул долларды сатып алуу боюнча бешинчи интервенция болду.
Улуттук банк жыл башынан бери буга дейре төрт интервенция жасап, 22-апрелде 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.
Акыркы жумаларда доллардын куну түшүп жатканы байкалууда. Бүгүн доллардын расмий курсу 1 долларга 88,8 сомду түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан Киевге учактарды бергенин четке кагууда

Казакстан Киевге эксплуатациядан чыгарылган согуштук учактарды өткөрүп бергенин четке кагууда Казакстан советтик куралдарды Украинага запастык бөлүктөргө өткөрүп берүү үчүн сатпаганын, тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын «Казспецэкспорт» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү билдиришти. Компания билдиргендей бардык учактар, тетиктер жана агрегаттар өздөрүнүн аймагында утилизацияланат. Территориядан түстүү металл сыныктары түрүндө гана чыгарылат. Буга чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн